<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><author>Махабат Керимкулова, Мирбек Текебаев</author>
<lyrics>[V1]
 Бул дүйнөдө шартсыз сүйүү бар беле?
 Адамзатты журөгүнө батырган
 Курман болгон ыйык козу бар беле?
 Азап чегип пенде үчүн кыйналган

[V2]
 Жаман ойду ылгаш үчүн адамдар
 Оо башына тикен таажы кийген ким?
 Ыйык канын күнөө үчүн агызып
 Кагылайын, айланайын деген ким?

[V3]
 Камчы менен бүт денеси жанчылган
 Эт тытылып, сөөк көрүнүп, кан аккан
 Пайгамбарлар айткан сөздү эске албай
 Албууттанып, эл токтолбой кыйкырган.

[V4]
 Сенин жүзүң сүйүү менен карады
 Ар бир жандын эркиндигин самады
 Кудай менен мамиледе болсун деп
 Ыйык каның адамзатты актады.

[V5]
 Ата бол жетим, жесир келгиндерге
 Ата бол муктаж болуп издегенге
 Ата бол жан дүйнөсү жакырларга
 Жүрөктөрдө жолугалы мээримиңе.

[V6]
 Кудайым кереметсиң ырайым төккөн
 Өлүмдү, каргышты да кыя өткөргөн
 Балам деп эки колуң сундуң Ата
 Уулуңа Асманыңдан бердиң бата.</lyrics>
<title>Шартсыз Сүйүү</title>
</song>